Сүйүүнүн күчү керемет! Кытай тургуну күн сайын 320 чакырым жүрүп, жумушуна барып келет

Кытай тургуну жубайын болгон сүйүүсүнөн улам күн сайын 320 чакырым жүрүп, жумушуна барып келет. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазды.

31 жаштагы Линь Шу менен анын сүйүктүүсү жети жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн соң, ушул жылдын май айында баш кошушкан. Алар колуктунун туулган шаары Вэйфанда жашашат, кыз өзүн коопсуз сезиши үчүн түгөйлөр аталган шаардан батир сатып алышкан. Ал эми Линь Шу ошол эле провинцияга караштуу, бирок 160 чакырым алыстыктагы Циндао шаарында иштейт.

Линь Шу аптанын ар иш күнү саат 5те ойгонот, 30 мүнөттө велосипед менен станцияга жетип, ал жерден саат 6:15те поездге түшөт. Ал Циндаого саат 7:46да жетип, андан ары жумушуна чейин метро менен 15 мүнөттө жетет. Иш убактысы башталганга чейин таңкы тамагын жегенге да мүмкүнчүлүк калат. Жумуш аяктагандан кийин Линь Шу үйүнө кайтууга дагы 3-4 саат коротот.

Жогорудагы баянды камтыган ролик 7 миллиондон ашуун кароону топтогон. Көпчүлүк жолго кетирген убактысына таң калган. Линь Шу үйлөнгөнгө чейин жумушка барууга бир саат короткон аралыкта жашаганын жана Вэйфанга жубайы менен көп убакыт өткөрүүнү каалаганы үчүн көчкөнүн айткан. Анын үстүнө дагы бир жагдай ушундай кадамга барууга түрткөн. Циндао шаарында батир алуу кымбат. Линь Шу жол киреге айына 1600 юандай коротсо, Циндаодо бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 1750 юандан жогору турат.