Дүйнөдөгү эң коотуу жана күлкүлүү мелдешке айланган сыр жарышы Британиянын Глостершир графтыгында өттү.
Жыл сайын 200 метр бийиктиктеги Купер дөңсөөсүнөн 3,5-5 килограмм салмактагы тоголок көлөмдөгү Глостер сыры түшүрүлөт жана атаандаштар аны кармап, жеңүүчү болуу үчүн жыгылып, чалынып, жаракат алышат. Жарыш бир нече баскычта өтүп, аялдар жана эркектер өзүнчө күч сынашат.
Быйылкы эркектер арасындагы жарыштын жеңүүчүсү, мюнхендик 23 жаштагы немис ютубери Том Копке The Guardianга берген маегинде муну жиндилик деп сыпаттады, бирок сыр үчүн өз өмүрүн кайра-кайра тобокелге салууга даяр экенин айтты.
Аялдардын жарышынын жеңүүчүсү 20 жаштагы Ава Сендер Логан. Ал башы катуу тийгенин мойнуна алып, абалы жакшы экенин айтты.