Түркмөнстандын президенти алабайга арнап 15 метрлик алтын статуя орнотту

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн борбору Ашхабадда алабайга арнап 15 метрлик алтын эстелик ачты. Эстеликтин 9 метри пьедестал жана 6 метри алабайдын өзү. Постамент видео экран менен курчалган, анда ушул тукумдагы иттин катышуусунда видеотасмалар көрсөтүлөт. «Turkmenistan Today» агенттиги жазгандай, эстеликти орнотуу идеясы президенттин жеке өзүнө таандык.

Жогорудагы агенттиктин маалыматында минтип жазылган: «Итке эстелик тургузуу демилгеси аркылуу бул ажайып жаныбарлардын теңдешсиз эр жүрөктүүлүгүнө жана улуу боорукер жүрөгүнө урмат-сый менен мамиле жасап, алардын улуттун тарыхый тагдырындагы ролун жана элдин турмушундагы ээлеген ордун көрсөтүүнү каалаган. Алабайдын мүнөзүнүн өзгөчө касиети — кадыр-барк, өзүнө өзү ишенгендик, ал сапаты жаңы эстеликте өтө ачык-айкын чагылдырылган».

Түркмөнстандын башчысы алабай иттерин өтө жакшы көрөт. 2017-жылы Владимир Путинге Верный деген күчүктү берген, ал эми 2019-жылы Дмитрий Медведевге дагы ушундай белек жасаган. Өткөн жылдын сентябрь айында Түркмөнстандын президенти «Түркмөн алабайы» китебин чыгарып, ушул эле аталыштагы ырды да элге тартуулаган.