Тааныбай калышың мүмкүн. Ольга Бузова студенттик кезиндеги сүрөт менен бөлүштү

Орусиялык ырчы Ольга Бузова кечээ, 25-январда студенттик кезиндеги сүрөт менен бөлүштү.

«Бүгүн студенттердин күнү. Андыктан 2 же 3-курсумдагы сүрөттү жүктөдүм. Окуу абдан сонун, мен бул убакытты сагындым, бирок мен күн сайын жаңы нерсени үйрөнүп жатам. Мен бир нерсени түшүндүм, корксоң да, кыйынчылыктар болсо да багынбай аягына чейин баруу керек. Бул ийгиликти жаратууга керек болгон сапаттардын бири. Дал ушул сапат азыркы учурдун талабы», — деп жазды ал. 

Социалдык тармактын колдонуучулары ырчы айымдын бир топ эле өзгөргөнүн жазышса, айрымдары тамаша иретинде сүрөттөгү айымдын Бузова экенине ишенбей жатышканын жазышкан.