«Сөөгүн токойго катып койгон». Орусияда 10 жаштагы кызды өлтүргөн жаранга сот өкүм чыгарды

Волгоград облустук соту таанышынын 10 жаштагы кызын зордуктап, өлтүргөн 32 жаштагы облустун тургунуна карата өкүм чыгарды. Ал 22 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу «Российская газета» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя өткөн жылдын ноябрь айында болгон. Анда мас абалындагы киши кичинекей кызды «апаңа алып барам деп» алдап, токойго алып барып зордуктап, өлтүрүп, сөөгүн бактардын арасына катып койгон.

Прокурор соттон шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну суранган, бирок шектүү кылган ишин мойнуна алган эмес.