Табышмактуу өлүмдөр. Казакстанда бир күн ичинде үч офицер каза болду

Бүгүн, 10-январда аралыгы бир канча саат айырмасы менен Казакстанда үч офицер каза болду. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты.

Адегенде Жамбыл облусунун полиция департаментинин башчысы Жанат Сулейманов өз жанын кыйганы маалым болду. Айрым маалыматтарга караганда, ага карата башаламандыктан кийин кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй, Улуттук коопсуздук комитетинин полковниги Азамат Ибраев Нур-Султанда өз үйүнүн короосунда жансыз абалда табылды. Бир катар басылмаларда анын да өз жанын кыйганы маалымдалууда. Буга удаа эле Турксиб районунун полиция башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Танат Назанов иш бөлмөсүндө жүрөк оорусу кармап, каза болду.