Тадж-Махалда бомба бар экени айтылып, миңдеген турист сыртка чыгарылды

Индия полициясына Тадж-Махал имаратынын ичинде бомба бар экенин белгисиз адам маалымдаган. Мындан улам ал жердеги миңдеген турист коопсуз жайга чыгарылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматтарга ылайык,  Индиянын Куралдуу күчтөрү жана Агра полициясы имаратты курчоого алып, бир нече сааттык издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Бирок издөө учурунда туристтик жайдан бомба табылбаганы айтылып, жалган билдирүү калтырган адамды полиция кызматкерлер издөөгө алышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Тадж-Махал имараты пандемияга байланыштуу гана жабылып, жарым жылдан соң, кайрадан ачылган.