Таиланддын түндүк-чыгышындагы балдар борборуна кол салган мурдагы полиция кызматкери өз жанын кыйды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Атышуудан каза болгондордун саны 34кө жетти. Кылмышкер баңгизаттын таасири астында болушу мүмкүндүгү айтылууда. Мурда ок аткан куралчан адам издөөгө алынган. Кол салуудан каза болгондордун арасында 22 бала жана 12 чоң адам бар, дагы 12 адам жаракат алды, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.