Таиландда келинчегин куткарам деп сууга чөккөн 24 жаштагы казакстандык каза болду

Таиланддагы курорттордун биринде суудан алынып чыккан 24 жаштагы Артур Искаков каза болду. Бул тууралуу журналисттерге анын эжеси билдирди.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги маалыматты тастыктады. 24 жаштагы казакстандык келинчеги менен эс алууга кеткен. Сууда сүзүп жатканда толкун көтөрүлүп, келинчеги чөгө баштаган. Жолдошу жардамга барып, аны суудан алып чыккан, бирок өзү чөгүп кеткен.

Куткаруучулар аны алып чыгып, ооруканага жеткиришип, аппаратка кошушкан. Бирок сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Тышкы иштер министрлиги Артур Искаковду Казакстанга алып келүү жолдорун карап жатат.