Таиланддагы жарманкеде пил фейерверктин катуу үнүнөн чочуп, элди аралап чуркады.
Соцтармактарда жайылган видеодо адамдар да пилден качып, чуркап жүрүшөт. Маалыматтарга караганда, 5 киши ар кандай жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Пилдин ээси аны тиешелүү уруксаты жок жарманкеге алып барганы аныкталган. Ал кишини полиция кармап кеткенин Daily Mail басылмасы жазды. Эми пил ээсине айып пул салынып, түрмөгө кесилет.