Таиланддык Сучата Чуангсри «Дүйнө сулуусу» сынагын жеңип алды. Сынак Индиянын Хайдарабад шаарында болду.
Чуангсриге таажыны былтыркы сынактын жеңүүчүсү чехиялык Кристина Пышкова кийгизген. Жалпысынан 108 сулуу күч сынашты.
21 жаштагы Сучата Чуангсри саясат таануу жана эл аралык мамилелер жаатында окуйт. Таиланд тилинен сырткары англис жана кытай тилдеринде эркин сүйлөйт. 16 жашында төшүндөгү шишикти алдыргандан кийин аялдардын ден соолугу боюнча иш жүргүзүп, айымдарды колдоого багытталган Opal For Her платформасын негиздеген.