Тайланддын өкмөт башчысы, генерал Прают Чан-Очага өлкө калкын эмдөө боюнча жыйында беткапсыз отурганы үчүн 6 миң бат (15 миң сом) айып пул салынды.
Бангкок өкмөтү 26-апрелден тарта жарандарга коомдук жайларда беткап тагуунуну милдеттендирген эле. Ал эми полицияга бул боюнча биринчи арыз өкмөт башчысына түшкөн. Муну баш калаанын башчысы Ассавин Квангмуанг жасаган.
Талкууга социалдык тармактардын колдонуучулары дагы кошулушкан. Себеби жыйында бир гана өкмөт башчынын беткабы жок болчу. Дал ошол социалдык тармактардагы ызы-чуу шаар мэриясын аталган аракетке түрткөн. Чуу жараткан билдирүү кийинчерээк алып салынган.