Тайланддын өкмөт башчысына жыйында беткапсыз отурганы үчүн айып пул салынды

Тайланддын өкмөт башчысы, генерал Прают Чан-Очага өлкө калкын эмдөө боюнча жыйында беткапсыз отурганы үчүн 6 миң бат (15 миң сом) айып пул салынды.

Бангкок өкмөтү 26-апрелден тарта жарандарга коомдук жайларда беткап тагуунуну милдеттендирген эле. Ал эми полицияга бул боюнча биринчи арыз өкмөт башчысына түшкөн. Муну баш калаанын башчысы Ассавин Квангмуанг жасаган.

Талкууга социалдык тармактардын колдонуучулары ​​дагы кошулушкан. Себеби жыйында бир гана өкмөт башчынын беткабы жок болчу. Дал ошол социалдык тармактардагы ызы-чуу шаар мэриясын аталган аракетке түрткөн. Чуу жараткан билдирүү кийинчерээк алып салынган.