Тайвань темир жол кырсыгында набыт болгондордун азасын күтүүдө

Тайвандагылар поезддин темир жолдун таманынан чыгып кетишинен улам орун алган кырсык маалында өмүрүнөн айрылгандардын азасын күтүүдө.

Тынч океандагы чакан арал өлкө болгон Тайвандагы акыркы ондогон жылдардагы эң алааматтуу темир жол кырсыгы болуп калган бул окуяда 50 киши набыт болду.

Куткаруу топтору 3-апрелде рельстен чыгып кеткен жүргүнчү поюздун бырын-чырын болгон вагондорун темир жолдун сыртына чыгаруу жумуштарын улантышты. Өлкөдө желектер жарым-жартылай түшүрүлүп, курман болгондорду жоктоо үчүн үч күн аза күтүү жөрөлгөлөрү аткарылат.

Тайвань Темир жол башкармалыгы билдиргендей, поезд Хуалян аймагындагы курулуш жүрүп жаткан жайга жакын жерде жантайып барып, темир жолго кулап түшкөн техникалык тейлөө унаасы менен кагылышкандан кийин рельстен чыгып кеткен. Хуалян аймагындагы райондук прокуратуранын маалымдашынча, техникалык тейлөө унаасынын тормозу туура эмес басылган экен. Бул жөнүндө прокуратурага курулуш жайынын жетекчиси тастыктаган. Прокуратура айып тагууга даяр эместигин билдирди. Кырсыктан каза болгондордон тышкары кеминде 175 киши жаракат алган.