Тайванда косметика жеп видео тарткан блогер көз жумду

Тайванда косметика жеп видео тарткан 24 жаштагы блогер Guava Beauty каза болду. 24-майда анын профилинде каза болгондугу тууралуу билдирүү пайда болуп, көп өтпөй анын жакындары маалыматты тастыкташты. Анын 12 миң жазылуучусу бар болчу. 

Катталуучулар ал косметикалык каражаттардын курамындагы химиялык заттардан уулануудан каза болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Каргашалуу окуядан бир аз мурда катталуучулары анын ден соолугуна тынчсыздана башташкан.