Тайванда күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө болду

Тайвандын түштүгүндөгү Цзяи шаарынын аймагында күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөөнү Тайбэйдин жашоочулары сезишти. Ал эми жер титирөөнүн очогу Дапу айылында 9,4 чакырым жер алдында тереңдикте жайгашкан.

Өрт өчүрүү кызматы Тайнань шаарында бир нече адам жабыркаган имараттарга бөгөт коюлганын, алардын бир бөлүгү куткарылганын билдирди. Цзяи уездинде болсо олуттуу жоготуулар катталган жок. Бирок айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлүп, имараттар бузулган.

Ири компаниялар аралдын Борбордук жана Түштүк бөлүктөрүндөгү заводдорундагы кызматкерлерди эвакуациялашты.