Тайвандын түштүгүндөгү 21-январь, саат 00:17де (Бишкек убактысы менен 03:17де) жер титирөө болгон. Күчү 6,4 балл болгон зилзаладан 27 киши жабыркаганын Associated Press жазып чыкты.
Соцтармактарда кырсык учурундагы видеолор тарады.
Тайвань Тынч океандын вулкандык от шакеги деп аталган аймакта жайгашкан. Ошондон улам жер титирөө бул өлкөдө көп болот.