Тажик президенти элин эки жылга жетчү азык-түлүк алууга, өлкөнүн эгемендигин коргоого даяр болууга чакырды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дүйнөдөгү өтө курч абал жаралганына байланыштуу элин эки жылга жетчү азык-түлүк алууга, өлкөнүн эгемендигин коргоого даяр болууга чакырды. Бул тууралуу анын Орозо айынын башталышына карата жасаган майрамдык куттуктоосунда айтыларын «Интерфакс-Азербайжан» жазды.

Анын айтымында, азыр дүйнөдө оор жана кооптуу абал түзүлүп, айрым мамлекеттердин эркиндиги жана көз карандысыздыгы шек саноого коюлуп, мындан улам, тажикстандыктар бирдиктүү болуп, өлкөсүнүн коопсуздугун камсыздашы керек. Эмомали Рахмон ар бир үй-бүлө эки жылга жетерлик азык-түлүк алып коюшу керектигин да айтты.