Тажик президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына келет

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 7-апрелде Согдий облусуна иш сапар менен келди. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы президенттин басма сөз кызматына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Рахмон Согдий облусунда Ноорузга байланыштуу майрамдык иш-чараларга, социалдык-экономикалык объектилердин ачылышына катышат. 10-апрелге чейин улана турган сапардын жүрүшүндө Исфара районундагы Кыргызстандын ичиндеги Ворух анклавына да барат.

Рахмондун сапары Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ворух анклавы боюнча билдирүүсү эки өлкөдө тең кызуу талкууланып жаткан учурга туш келди.

Ташиев 26-мартта Бишкектеги басма сөз жыйынында Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасындагы баш ооруга айланган Ворух анклавы боюнча Тажикстанга эки сунуш бергенин билдирген. Алар: кыргыз тарап Ворухтун аймагын ченейт жана мындан ары ал чоңойтулбайт. Ворухтан Тажикстанга каттоо үчүн пайдалануу максатында гана жол берилет. Ал жол Кыргызстандын Ак-Сай айылын айланып өтөт. Экинчиси – 12 миң гектардай аймакты түзгөн Ворух анклавын Кыргызстандын Лейлек же Баткен районунун башка жерлерине алмашуу. Буга расмий Дүйшөмбү жооп бере элек.