Тажикстан «AstraZeneca» вакцинасынан баш тартпайт. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Самариддин Ализода билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги «AstraZeneca» вакцинасына байланыштуу кырдаалга көз салууда, бирок өлкө аны колдонуудан баш тартууга ниеттенген эмес.
«Калкты жапырт эмдөө качан башталары аныктала элек, бирок Тажикстан COVID-19га каршы эмдөөнү AstraZeneca вакцинасынан баштайт», — деп билдирген өлкө министри. Ошондой эле ал өлкөдө эмдөө ыктыярдуу жана бекер болорун айткан.
Тажикстан «AstraZeneca» вакцинасынан 192 миң доза алган.
Белгилей кетсек, буга чейин айрым Европа өлкөлөрү, анын ичинде Германия, Италия жана Франция «AstraZeneca» вакцинасынын терс таасиринен улам колдонууну токтотуп коюшкан.