Тажикстан ЖККУдан Ооганстан менен чек араны коргоого жардам сурады

Тажикстан Республикасынын Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү Хасан Султонов 7-июлда Уюмдун тажик-ооган чек арасындагы кырдаал боюнча туруктуу кеңешинин отурумунда мүчөлөргө Тажикстанга жардам кылуу боюнча кайрылуу жасады. 

«Тажикстан Ооганстан менен эң узак чек арасы бар өлкө катары, кырдаалды ооздуктоо жана ушул өлкөдөн келип чыккан коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу үчүн зарыл чараларды көрүүдө. Бирок региондогу учурдагы кырдаалды, ошондой эле Ооганстан менен чек аранын айрым бөлүктөрү алыскы тоолуу аймактарда жайгашкандыгын эске алганда, бул милдетти жалгыз эле көтөрүү кыйындай сезилет. Бул жагдайлар бизден ЖККУнун алкагында тиешелүү жоопту, анын ичинде түштүк чек араларды коргоо потенциалын күчөтүү боюнча чараларды кабыл алууну талап кылат. Ушул жагдайда Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин (ЖКК) 2013-жылдын 23-сентябрындагы «Тажикстан-Ооганстан чек арасын бекемдөөдө Тажикстанга жардам көрсөтүү жөнүндө» чечиминин аткарылышын камсыз кылуу зарылдыгы актуалдуу бойдон калууда. Ошондуктан, биз уюмга мүчө мамлекеттерди ушул документтин толук кандуу жүзөгө ашырылышына салым кошууга чакырабыз», — деди Хасан Султонов.

Бүгүн, 8-июлда УКМКнын төрагасы Ооганстандагы абал боюнча ЖККУнун алкагында иш кыларын айтты.