Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы «чатыр шаарчасынын» сүрөттөрү жарыяланды

Миңге чукул ооган качкындары Тажикстандын түштүгүндөгү «чатыр шаарчасына» жайгаштырылды. Бул тууралуу «Азия Плюс» Ооганстандын Тажикстандагы элчиси Мухаммад Зохир Агбарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, бул бюнча бийлик расмий маалымат бере элек. Элчи жарыялаган сүрөттөрдө көптөгөн чатырлар көрсөтүлгөн. Ооганстандын дипломатиялык миссиясынын башчысы ал жактагы качкындардын саны 1000 адамга жетет деп жазат. Мухаммед Зохир Агбар «чатыр шаары» кайда жайгашкандыгын айтпайт, бирок анын качкындар менен сүйлөшкөнүн белгилейт. Сүрөттөргө караганда, булар негизинен ар кандай курактагы эркектер. Ошондой эле ал тажик тарапка ооган элине оор мезгилде жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.