Тажикстанда аялын жана анын ата-энесин атып салган Улуттук гвардиянын прапорщиги кармалды

Тажикстанда кечээ, 20-февралда аялын, кайын энесин жана кайын атасын атып салган Улуттук гвардиянын прапорщиги кармалды. Бул тууралуу республиканын Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Укук коргоо органынын берген маалыматы боюнча, прапорщик Азаматулло Икромзода Рудаки районундагы Мадад айылындагы аялынын ата-энесинин үйүнө барып, үй-бүлөлүк чырдын натыйжасында аялын жана анын ата-энесин тапанча менен атып салган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалган», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин республиканын Башкы прокуратурасы жүргүзүп жатат.