Тажикстанда блогерлер эми салык төлөп башташат

Тажикстандын блогерлери 1-апрелге чейин каттоого туруп, социалдык түйүндөр менен YouTube порталынан түшкөн кирешелери боюнча салык төлөп башташы керек. Бул тууралуу аталган аймактын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын Салык комитети жергиликтүү блогерлерди социалдык түйүндөрдөн жана YouTube порталынан түшкөн кирешелеринен салык төлөөгө милдеттендирген.

 «Салык комитетинин кызматкерлери блогерлердин ишмердүүлүгүн изилдеп чыгып, аларды салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү зарыл деген чечимге келишти. Бул жеке блогерлерге гана эмес, башка жеке жактарга да тиешелүү. Алар өз баракчалары жана каналдары аркылуу ири компаниялардын товарларын жарнама кылып, акча алышат. Ошондуктан салык төлөшү керек. Жаңылбасам, бүгүнкү күнгө карата төрт блогер ишкер катары салык органдарына каттоого турушту»,- деп айтылат маалыматта.