Тажикстанда Эмомали Рахмондун кызматтан кетишин талап кылып жатышабы?

ПолитКлиника сайты тажиктердин «Ислох» сайтына таянуу менен Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун отставкасын талап кылган эстафета башталганын жазды. «Ислох» сайтынын башчысы Мухаммадикболи Садриддин баштап берген бул эстафетаны ондогон жөнөкөй тажикстандыктар колдоого алып, бийликке карата өздөрүнүн ачык кебин, ачуу сөзүн айта башташканы маалыматта жазылат.

Тажикстандын бардык облус, шаарларынан активисттер чыгып, «Эмомали Рахмонго импичмент жарыялайбыз» деген видео тартып, бири-бирине эстафета кылышууда. Эстафеталык видео кайрылууларды «Ислох» сайты жалпыга жар салууда.

Видео кайрылууларда «Эмомали Рахмон 28 жылдан бери кландык башкаруусун күчөтүп, тууган-уругу, бала-чакасы менен тажик улутун, Тажик мамлекетин жок кыла турган болду. Мамлекетти карызга батырды. Коншуларыбыз менен достугубузду жок кылды. Буларга импичмент жарыялансын» деген чакырыктар айтылган.