Тажикстанда «Facebook» компаниясына кошулуп «Google» да салык төлөп баштайт

Дүйнөнүн ири телекоммуникациялык «Google» компаниясы Тажикстандын Салык комитетинде каттоодон өтүп, эми өлкө жарандарына көрсөтүп жаткан акы төлөнүүчү кызматтары үчүн салык төлөп баштайт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Буга чейин Тажикстанда колдонуучусу эң көп болгон «Facebook» социалдык тармагы да өлкөдө салык төлөөчү катары каттоодон өткөн.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 17-декабрында Тажикстан өкмөтүнүн Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Тажикстандын жарандарына акы төлөнүүчү интернет-кызматтарын көрсөткөн компаниялар 18 пайыздык кошумча нарк салыгын төлөшү керек.

Мындан улам акыркы убакыттан бери чет өлкөлүк компаниялар өлкөнүн Салык комитетинин расмий сайты аркылуу онлайн каттала башташкан.

Ошондой эле «Google» менен «Facebook’тан» тышкары буга чейин Тажикстандын Салык комитетинде «Doodle inc», «Novatech IT ltd» жана «Xsolla» компаниялары да салык төлөөчү катары каттоодон өткөнү айтылган.