Тажикстанда жоголгон кыздын сөөгү Өзбекстандан табылды

Худжанд шаарында бир айдан ашык убакыттан бери изделип жаткан 9 жаштагы кыздын жансыз денеси Сырдарыя облусундагы каналдардын биринен табылганын Podrobno.uz кабарчысы билдирди.

Кыздын жансыз денеси 12-март күнү саат 15:15те Ширин шаарынын аймагынан агып өткөн Түштүк Мирзачул каналынын оң жээгинен табылган. Кыз 7-февралда Худжанд шаарында жоголгон. Ошондон бери табылбай жаткан кызды издөө иштерин ыкчам штаб жүргүзгөн. Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кызды табууга жардам сураган.

Тажик тараптын кайрылуусунун негизинде 2-марттан 12-мартка чейинки аралыкта Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар-куткаруучулары Сырдарыя дарыясында издөө иштерин жүргүзүшкөн. Учурда Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, кыздын сөөгү Сырдарыя облусунун Боявуд районундагы медициналык мекеменин өлүкканасына өткөрүлүп, андан соң туугандарына берилет.