Тажикстанда жыл башынан бери коронавирус жуктургандар каттала элек

Ушул жылдын башынан бери Тажикстанда коронавирус жуктургандар каттала элек. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Эмомали Мирзоев билдирди. Ал муну менен социалдык тармакка тарап жаткан, «коронавирус илдети күчөп жатат» деген сөздөргө чекит койду.

Анын айтымында, жыл сайын аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу бир катар оорулар, анын ичинде пневмония менен ооругандар катталат. «Акыркы күндөрү абанын температурасы кескин жогорулап, адамдар балмуздак жана муздак сууну көп колдоно башташты, бул пневмонияга алып келди. Бирок бул бул бейтаптар COVID-19 оорусун жуктуруп алгандыгын билдирбейт», — деди ал.

«Адистердин жүргүзгөн анализдерине ылайык, учурда чоңдор жана балдар пневмония менен ооруп жатышат. Алардын көпчүлүгү өткөн жылы коронавирус башталганда оору менен ооругандар. Алардын өпкөсү толук калыбына келе элек. Өпкөлөрүн толугу менен калыбына келтирүү үчүн, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, алардын сунуштарын аткарып, муздак суусундуктардан жана балмуздактан алыс болушу керек», — деди ал.

Ушул жылдын башында Тажикстан коронавирусту жеңгенин жарыялаган. Расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери 13 миң 308 адамдан илдет аныкталса, анын ичинен 90 адам каза болгон.