Тажикстанда жүргөн селдин кесепетинен 9 адам көз жумду

Тажикстандын Хатлон облусунда селден каза болгондордун саны тогузга жетти. Бул тууралуу республиканын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин басма сөз катчысы Умеда Юсуфи билдирди.

Ал Вахш районунун Киров айыл аймагындагы Окгаза айылынын 70 жаштагы тургуну табигый кырсыктардын кесепетинен каза болгон тогузунчу адам болгонун айткан. Белгилүү болгондой, ал селдин күчүнө туруштук бере алган эмес. Анын айтымында, учурда башкармалыктын кызматкерлери чарбалык аянттарды жана көчөлөрдү баткактан тазалоо иштерин улантышууда. Буга чейин алар 310дон ашык турак үйдүн жер төлөлөрүн иретке келтиришкен.

Буга чейин республиканын Өзгөчө кырдаалдар комитети жаратылыш кырсыктарынан сегиз адам каза болгонун жарыялаган. Алардын көпчүлүгү сел каптаган учурда унааларга бекилип калышкан. 

Мамлекет башчысы Эмомали Рахмон табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча кырдаалды жеке көзөмөлүнө алган. Анын тапшырмасы менен өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзода жетектеген комиссия түзүлдү.