Тажикстанда кагылыш. Каршылык акцияда адам өлүмү катталды

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун Хорог шаарындагы нааразычылык акциясында бир адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, 14-май күнү Хорог шаарынын жүздөгөн жаштары нааразылык акциясына чыгып, автономдуу облустун башчысы Алишер Мирзонаботту жана шаар мэри Ризо Назарзоданы отставкага кетирүү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салуу, Бадахшан жашоочуларын куугунтуктоону токтотуу талабын коюшкан. Нааразы жаштар Хорогдун борборун көздөй баратышканда укук коргоо органдары желим ок менен жаш чыгаруучу газ чыгарып, митингчилерди сүрүп чыгуу операциясын жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында 3 адам жаракат алып, 30 жаштагы Замир Назаршоев аттуу жаран каза болгон.

Бийлик органдары алардын талабын мыйзамсыз деп таап, аткаруудан баш тартышкан.