Бүгүн, 13-апрелде Тажикстанда жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:23тө күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Кээ бир маалыматтарда жер титирөөнүн очогундагы күчү 6,4 баллга жеткени айтылууда.
Очогу Кожент шаарынын түштүк-чыгышынан 170 чакырым алыстыкта жайгашканы кабарланды. Жер титирөө Өзбекстан менен Кыргызстанда да сезилген. Жабыр тарткандар же кыйроолор боюнча маалымат азырынча жок.