Тажик өкмөтү көзү ачыктарга барып, алардын кызматынан пайдалангандар үчүн айып пул салууну өлкөнүн парламентине сунуштады. Бул тууралуу «Азия плюс» жазды.
Өкмөт Тажикстандын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 482-беренесин “Сыйкырчынын, төлгөчүнүн кызматынан пайдалануу” деген берене менен толуктоону сунуштоодо. Бул өзгөртүүлөргө ылайык, сыйкырчыга, төлгөчүгө кайрылгандарга 5тен 10го чейин эсептик көрсөткүч (375 сомониден 750 сомониге чейин (40-80 доллар)) айып салынат.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Тажикстанда ушул жылдын 6 айында төлгөчү, көзү ачыктарга барган 495 факты аныкталган.










