Тажикстанда көзү ачыкка баргандар жазаланышы мүмкүн

Тажик өкмөтү көзү ачыктарга барып, алардын кызматынан пайдалангандар үчүн айып пул салууну өлкөнүн парламентине сунуштады. Бул тууралуу «Азия плюс» жазды. 

Өкмөт Тажикстандын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 482-беренесин “Сыйкырчынын, төлгөчүнүн кызматынан пайдалануу” деген берене менен толуктоону сунуштоодо. Бул өзгөртүүлөргө ылайык, сыйкырчыга, төлгөчүгө кайрылгандарга 5тен 10го чейин эсептик көрсөткүч (375 сомониден 750 сомониге чейин (40-80 доллар)) айып салынат.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Тажикстанда ушул жылдын 6 айында төлгөчү, көзү ачыктарга барган 495 факты аныкталган.