Тажикстандын борборунда укук коргоо кызматкерлери ага барган эркек кардарларды жыныстык катнашка мажбурлаган төлгөчү аялды кармашты. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Душанбе шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 45 жаштагы жаран буга чейин Тажикстанда тыюу салынган төлгө салганы үчүн эки жолу административдик жоопкерчиликке тартылган.
Бул жолу ал «сезимдерин жана диний ишенимдерин кыянаттык менен пайдаланып, өзүнө келген жигиттер менен сексуалдык мүнөздөгү иштерди жасаган» деп кармалган.