Кечээ, 13-апрелде Тажикстанда жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:23тө күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматы боюнча, Уштурпаст айылында үч жашар бала үйдүн урап түшкөн дубалынын астында калып каза болгон.
Рашт районунун Сафедкунда, Гүлхани, Кул, Аскалони айылдарында 17 турак жай жана Гүлхани айылындагы мектеп имараты жабыркаган.
Ошол эле күнү саат 12:14тө жана 13:33тө республиканын аймагында күчү 4 жана 3 баллга жеткен жер титирөөлөр катталган. Анын очогу да Рашт облусунун түндүк-чыгышында жайгашкан. Душанбе шаарынын тургундары жер титирөөнү сезген эмес.