Тажикстандагы жер титирөө 5 адамдын өмүрүн алды

Бүгүн, 10-июлда Тажикстандын чыгышында болгон жер титирөөнүн кесепетинен 5 адам каза болгонун жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялашты. Анын очогундагы күчү 5,9 баллга жеткен.

«Авеста» басылмасына Тажикабад районунун төрагасынын биринчи орун басары Зулфикор Рамазонзода билдирген маалымат боюнча, кырсыктан Лангари Шох аймагынын жашоочулары жабыркаган. Азыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн Бустон аймагында 4 адам, Лангари Шох кыштагында 1 адам каза тапты. Алардын арасында аял киши жана мектеп курагындагы 3 бала бар. Жергиликтүү жашоочулардын турак үйлөрү да жабыркаган.