Тажикстандыктарды Жаңы жыл менен Эмомали Рахмон эмес, уулу куттуктады

Тажикстандын президенти мекендештерин жаңы 2025-жыл менен куттуктаган жок, анын ордуна уулу болгон Душанбе шаарынын мэри жана өлкөнүн парламентинин спикери элге кайрылуу жасады. Бул тууралуу «Евразийский брифинг» Тelegram-каналы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-декабрда президенттин салттуу видеокайрылуусу республикалык телеканалдарда көрсөтүлгөн эмес, ал эми куттуктоонун тексттик версиясы тажик мамлекет башчысынын расмий сайтында жарыяланган эмес.

Тажикстандын президентинин ордуна анын уулу Рустам Эмомали өткөн 2024-жылдын жыйынтыгын чыгарып, мамлекет башчысынын атынан сүйлөгөн. Эмне үчүн салтка айланган куттуктоону өзү жасаган жок азырынча белгисиз.