Тажикстандын банктары долларды накталай сатып алуудан баш тартып жатышат

Тажикстандын банктары соңку күндөрү долларды накталай сатып алуудан баш тартып жатышат. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.

Акча алмаштыруучу жайлардын кызматкерлери баш тартууга жергиликтүү валюта болгон сомонинин жоктугу себеп болгону менен түшүндүрүшүүдө. Бүгүнкү күндө долларын сомониге алмаштырууну каалагандар көп болуп жатат, ага чейин тескерисинче доллар сатып алам дегендер көп болгондугу айтылат. Адистер Тажикстандын валюталык базарында орун алган мындай адаттан тыш кырдаалды Орусияда болуп жаткан окуяларга байланыштырып жатышат. Соңку сутка ичинде орусиялык банктарда долларга карата рублдун курсу 10 пайызга жогорулап, рублдун курсу сомониге карата да бекемделген. 25-мартта 1000 рубль 125 сомони болсо, бүгүн, 30-мартта 151 сомониге көтөрүлдү.