Тажик жарандары Орусияга киргизилбей жатабы? Тажик ТИМи маалымат таратты

Орусия миңге жакын Тажик жаранын Москванын аэропортторунда кармап жатканын Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, 27-апрелдин соңуна карата Внуково аэропортундагы убактылуу кармоочу аймакта 954 Тажик жараны, анын ичинде Орусиянын жогорку окуу жайларында окуган студенттер бар.

Ведомство кошумчалагандай, чек арада көп саат күткөндөн кийин 322 тажикстандык акыры Орусияга кирген. Ошол эле маалда орус бийлиги дагы 306 кишини “чыгаруу тизмесине” кошууну пландап жатканы айтылууда.

Мындай оор абал Жуковский, Домодедово жана Шереметьево аэропортторунда да байкалып, аларда ондогон адамдар убактылуу кармоочу аймакта кармалууда. Тышкы иштер министрлиги Тажик жарандары талапка жооп бербеген санитардык шарттарда кармалып, ысык тамак менен камсыздалбай жатканын белгиледи.