Тажикстандын жарандарына Түркияга визасыз кирүүгө тыюу салынды

Тажикстандын жарандарына Түркияга визасыз кирүүгө тыюу салынды. Жарлыкка президент Режеп Тайип Эрдоган кол койгонун «Коммерсант» басылмасы жазды.

«Жөнөкөй чет элдик паспорттору бар Тажикстандын жарандары үчүн Түркияга барууда визасыз режимди жокко чыгаруу чечими кабыл алынды», — деп айтылат жарлыкта.