Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кичи ажылыкка барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Борбор Азия мамлекеттеринин жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугушуунун алдында Эмомали Рахмон Меккеге барды», — деп айтылат маалыматта.
Ал Каабанын ичине кирип, Замзам суу ичкен.
Эске салсак, Эмомали Рахмон буга чейин төрт жолу кичи ажылыкка барып, эки жолу Каабага кирген. Бул анын үчүнчү жолкусу.