Тажикстандын президенти бешинчи жолу кичи ажылыкка барды (сүрөт)

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кичи ажылыкка барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Борбор Азия мамлекеттеринин жана Перс булуңундагы өлкөлөрдүн лидерлери менен жолугушуунун алдында Эмомали Рахмон Меккеге барды», — деп айтылат маалыматта. 

Ал Каабанын ичине кирип, Замзам суу ичкен.

Эске салсак, Эмомали Рахмон буга чейин төрт жолу кичи ажылыкка барып, эки жолу Каабага кирген. Бул анын үчүнчү жолкусу.