Тажик президенти чек арадагы жаңжалда каза болгон тажик тараптын үй-бүлөлөрүнө 2 жумадан кийин көңүл айтты

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арадагы куралдуу жаңжалда көз жумган тажик жарандарынын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Кагылыштан бери 2 жума өттү.

Терең кайгыруу менен көңүл айтканы Орозо айт майрамына карата 12-майда жарыяланган билдирүүсүндө айтылган.

28-29-апрелдеги чек арадагы куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 36 жараны көз жумду. Алардын арасында балдар жана аскер кызматкерлери, жергиликтүү жашоочулар бар. Чек арадагы айылдардагы турак жайлар, социалдык объектилер да өрттөнүп, талкаланган.