Тажикстандын ТИМи Ооганстандын мурунку президенти Ашраф Гани Тажикстанда деген маалыматты четке какты

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандын мурунку президенти Ашраф Гани Кабулдан Дүйшөмбүгө качып барганы тууралуу маалыматтарды жокко чыгарууда. «Мухаммад Ашраф Гани учкан учак Тажикстандын аймагына конгон жок», — деп айтылат расмий билдирүүдө.

Тажикстанга Ооган тараптан тиешелүү билдирүү болбогону да айтылды.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалыматты 15-августта Улуттук биригүү боюнча жогорку кеңештин төрагасы Абдулла Абдулла журналисттерге билдирген. «Asia Plus» басылмасынын маалыматы боюнча, Ашраф Гани кошуна Тажикстанга учуп барды. Ал үчүнчү өлкөгө кетүүгө камынып жатат.

Интернетке президенттин Kam air авиакомпаниясынын учагына түшүп баратканда тартылган видео тараган эле.