«Такси» тасмасынын жылдызы Кытайдын унаасы менен Өзбекстандагы жарнамага тартылды. Бул тууралуу motor.ru жазды.
62 жаштагы франциялык актёр Сами Насери Ташкенттин унаа базары жана жергиликтүү тез тамактануучу түйүндөрдүн жарнамалык ролигине тартылган. Роликтеги кытай унаасы 86 миң доллар турат. Бардык каармандар өзбекче сүйлөшөт. Бул үчүн актерго канча төлөп бергени тууралуу маалыматтар жок.
Маалым болгондой, Сами Насери Өзбекстандын борборунда 29-сентябрдан 2-октябрга чейин өткөн “Жибек жолунун бермети” Ташкент эл аралык кинофестивалынын коногу болгон.