«Талибан» кыймылы Тажикстан менен чектеш райондорго келди

Ооганстандагы «Талибан» кыймылы Тажикстан менен чектеш районго, тагыраагы Шерхан кыштагына өз көзөмөлүн орнотту. Соңку бир нече айда Ооганстандагы көптөгөн райондор «Талибандын» колуна өтүп кетти. Бул тууралуу «Пажвок» агенттигине таянып, «Азия-Плюс» маалымдады.

Маалыматтарга караганда, өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан бул аймактын басып алынышы АКШ Ооганстандан армиясын алып чыгып баштагандан бери талибдердин эң маанилүү ийгилигине айланган.  Кечээ, 21-июнда «Талибан» кыймылы бул районду өз көзөмөлүнө алып, учурда Кундуз шаарын алууга чабуулун баштаган. Шаардын дарбазасы талибдердин колунда, бардык жагынан курчоого алынган. Калаадагы абал курчуй баштаганы айтылат.

Акыркы бир канча айда Ооганстандын көптөгөн райондор Талибан кыймылынын көзөмөлүнө өткөн. Соңку бир канча күн ичинде өкмөттүн аскерлери 15 райондон чыгып кетүүгө мажбур болгон.