“Талибан” кыймылы Тажикстандын чек арасындагы “Шерхан-Бандар” пунктун басып алды

Тажикстан менен Ооганстандын ортосундагы “Шерхан-Бандар” бажы жана соода пунктун «Талибан» басып алды. Бул тууралуу «Азия-Плюс» жазды. Маалымат боюнча, бир күн мурун «Талибан» кыймылы «Шерхан-Бандар» өткөрмө бекетин басып алып, натыйжада Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн бир бөлүгү аларга баш ийип беришсе, жарымы Тажикстанда баш калкалоодо.

«Шерхан-Бандар» эки өлкөнүн ортосундагы маанилүү соода-транспорттук пункт болуп саналат, ал аркылуу Тажикстан Республикасынын Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиядан, анын ичинде Пакистан менен Ирандан бажы импорту өтүп турат. Бул чек ара заставасы Тажикстандын Хатлон облусунун Панж району менен Ооганстандын Кундуз провинциясынын Имам Сахиб районунун чек арасында жайгашкан. Жакында эле Имам Сахиб провинциясын дагы талибдер басып алышты.