«Талибан» Ооганстанды башкаруу системасын аныктады

The leader of the Taliban negotiating team Mullah Abdul Ghani Baradar (C) walks after the final declaration of the peace talks between the Afghan government and the Taliban in Qatar's capital Doha on July 18, 2021. - Representatives of the Afghan government and Taliban insurgents held talks in Doha as violence raged in their country with foreign forces almost entirely withdrawn. The two sides have been meeting on and off for months in the Qatari capital, but the talks have lost momentum as the insurgents made battlefield gains. (Photo by KARIM JAAFAR / AFP) (Photo by KARIM JAAFAR/AFP via Getty Images)

Талибдердин лидерлери Ооганстанды башкаруу системасын аныкташты. Бул тууралуу Foreign Policу жазып чыкты.

Маалыматка караганда, талибдер 12 адамдан турган кеңеш түзүшөт. Ага талибдердин саясий кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар, Мухаммед Якуб, кыймылдын негиздөөчүсү Мухаммед Омар жана «Хаккани» террористтик тобунун жогорку даражалуу мүчөсү Халил ал-Рахман Хаккани кирет.

«Барадар менен Якубга жакын булактын айтымында, кеңешке мындан 20 жыл мурун террорчулар тарабынан өлтүрүлгөн талибдерге каршы «Түндүк альянсынын» лидери Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд да киргиси келген. Анткен менен Панжшердеги талибдерге каршылык көрсөтүүнү жетектеген Ахмад Масуддун кеңешке кириши күмөн. Басылманын булактары мурунку администрациянын айрым мүчөлөрүнө өздөрү тандаган министрликтерди башкаруу сунушталарын да айтышты.

15 -августта «Талибан» радикалдык кыймылы Ооганстандын бардык аймагын толук көзөмөлгө алганын жарыялаган.