«Талибан» унаада музыка угууга жана аялдарды хиджабы жок алып жүрүүгө тыюу салды

«Талибан» кыймылынын министрлиги жаңы эрежелерди бекитип, ага ылайык, мындан ары Ооганстанда унаада музыка угууга жана аялдарды хиджабы жок алып жүрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Kabul News жазды.

Бул көрсөтмө жазуу иретинде айдоочуларга жеткирилип, унаада аялдарды хиджабы жок алып жүрүүгө тыюу салынганы да эскертилген. Буга чейин үйлөнүү-үлпөт тойлордо ырды жандуу аткарууга, музыка угууга, аялдар менен эркектерге чогуу мейманкана жана ресторандарда чогуу убакыт өткөрүүгө тыюу салынган.