Талибдер Кабулга кирип баратканы айтылууда

Taliban fighters pose with weapons while detaining two unseen men for campaigning for presidential candidate Mullah Abdul Salam Rocketi in an undisclosed location in Afghanistan on August 19, 2009. REUTERS/Stringer (AFGHANISTAN POLITICS ELECTIONS CONFLICT CRIME LAW)

Жалпыга маалымдоо каражаттары Афганистандын бийлигиндеги булактарына шилтеме берип жарыялаган маалыматка ылайык, талибанчылар борбордун Карабах, Калакан жана Пагман райондоруна чейин кирип барышты. Ал эми талибдер муну мойнуна ала элек. Бирок азыркы тарта Кабулдан кийин эле ири деп эсептелген шаарлар алардын башкаруусунда экени жарыяланган болчу.

Афганистандын жарандары «Талибан» кыймылынын бийлигинен чочулап турат. Себептеринин бири – аял кишилерге билим алууга, эмгектенүүгө жана эркек жакыны коштоп жүрмөйүнчө үйүнөн чыгууга тыюу салынат.

Акыркы маалыматтар боюнча калк жыш деп эсептелген Кабулда эл дүрбөлөңгө түшүп, дүкөндөр, базарлар жабылып, коомдук транспорт токтоп калгандан кийин талибдер билдирүү тараткан. Анда борбор калаа күч менен басып алынбай турганы айтылат.